Украинада дагы бир кыргызстандык аскер каза болду
RU

Украинада дагы бир кыргызстандык аскер каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадагы согушта теги кыргызстандык дагы бир аскер Рустам Зарифулин каза болду.

Маркумдун сөөгү бүгүн эртең менен Канттагы Россиянын авиабазасына алынып келинди. Ал Харьков облусунун Изюм шаарында 14-мартта каза болгон. Рустам Зарифулин аскер бөлүмүнүнн командири болчу. Танк менен бронетранспортерлер колонна болуп Изюм шаарын көздөй жөноп баратышканда аткылоого кабылышкан.

Зарифулин 1996-жылы, 26-мартта туулган. Бүгүн 26 жашка чыкмак, деп атасы Равиль Зарифулин билдирди. Рустам мектептен соң Россиянын жарандыгын алып, ал жактын армиясында келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн.

"Рустам абдан камкор уул болчу. 2022-жылдын январь айында Кыргызстанга келип кеткен. Апасы Россияга операцияга алып барам деп убада кылган болчу", - деп жакындары айтып беришти.

Атасы Равил Зарифулин ЖМКга маалымдагандай, Рустам алардын жалгыз уулу болгон.

Маркумдун сөөгү эртең, 27-мартта өзү туулуп-өскөн Кара-Балтада жерге берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6126