Атамбаевдин сотко мажбурлап жеткирилиши: ЖАК өз версиясын билдирди
RU

Атамбаевдин сотко мажбурлап жеткирилиши: ЖАК өз версиясын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-март күнү жактоочу Замир Жоошев Атамбаевди абактан күч колдонуу менен Биринчи май райондук сотуна алып келишкенин билдирген.

Sputnik Кыргызстан Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу кырдаал боюнча түшүндүрмө бердгенин жазып чыкты.

Эске салсак, 23-март күнү жактоочу Замир Жоошев Атамбаевди абактан күч колдонуу менен Биринчи май райондук сотуна алып келгенин билдирген. Анын айтымында, № 47 колониянын кызматкерлери аны абактан футболка, ич кийимчен мажбурлап алып чыгып, конвоирлерге өткөрүп берген. Эртеси Атамбаевдин тарапташтары ага жасалган мамилеге нааразы болуп түрмөнүн алдында митинг уюштурган.

Андан соң Акыйкатчынын өкүлдөрү № 47 түзөтүү мекемесине барып, анда жаза өтөп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан. Алардын айтымында, 23-мартта мурдагы президент сотко бара албастыгы тууралуу арызын бергенине карабастан, он чакты киши келип сотко мажбурлап жеткиришкен. Маектешүү маалында Алмазбек Атамбаев ошондон бери кан басымы туруктуу болбой жатканын билдирип, бутундагы такты көрсөткөн.

ЖАК берген маалыматка караганда, 23-мартта Атамбаев медициналык жардам сурап кайрылган эмес жана сотко да ден соолугу тууралуу маалым кат берилген эмес. Мекемеге кайтып келгенден кийин ага ЭКГ текшерүү сунушталган, бирок саясатчы андан кескин түрдө баш тарткан. Ошондой эле башка текшерүүлөрдөн дагы баш тартып, бул боюнча акт түзүлгөн.

"Адвокат Замир Жоошев 23-мартта Атамбаевди соттук отурумдарга катыштырууга болбойт деген маалым катты ЖМКларга көрсөттү. Бул туура эмес. Себеби ал үстүбүздөгү жылдын 11-мартында, башкача айтканда, көрсөтүлгөн күнгө гана берилген медициналык маалым кат болчу", - дешти ЖАКтан.

Ошондой эле аталган кызмат соттун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга милдеттүү экенин билдирип, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча Биринчи май райондук сотунун отурумуна 23-мартта Алмазбек Атамбаевди жеткирүү керектиги тууралуу тапшырма алганын кошумчалады.

"Мекеменин кызматкерлери ага эч кандай күч колдонбой эле көрсөтмөлөрдү так аткарып, сотко алып барышкан. Бирок ал автоунаанын ичинде ЖАКтын кызматкерлерин кемсинтип, чыр-чатак чыгарып, орой сөздөрдү айтып, коомчулуктун көңүлүн буруп, ошону менен сот процессине катышпоого аракет кылган. Сотко жеткирилгенден кийин бут кийимин жана байпактарын чечип, жактоочуларын бул жакка жылаңайлак алып келишкендигине ишендирүүгө аракет кылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, 2020-жылдын 30-декабрынан бери Атамбаевди сот залына жеткирүү боюнча Биринчи май райондук сотунун 63 талабы келип түшкөн, анын 61и саясатчы соттук териштирүүгө катышуудан баш тарткандыктан аткарылган эмес.

Учурда Атамбаев №47 мекемеде отуруусун улантууда жана анын мындан аркы соттук процесстерге катышуусу боюнча маселе мыйзамда белгиленген нормалардын алкагында чечилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6129