Президент Садыр Жапаров Премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту
RU

Президент Садыр Жапаров Премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров учурда ата мекендик экономика өтө кыйын абалда экенин баса белгилеп, Өкмөттүн комплекстүү антикризистик планын тез арада кабыл алуу зарылдыгына токтолду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы ишкерлердин эркин иштөөсүн камсыздоо, жеке сектор менен инвесторлорду колдоо жана коргоо маселесин жеке көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи. Алардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатууга, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө көңүл бурду.

Ал бизнес менен өз ара аракеттешүүдө бюрократиялык жол-жоболорду мүмкүн болушунча азайтып, Өкмөт учурда коюлган милдеттер боюнча ыкчам жана тез чечимдерди кабыл алышы зарылдыгын, бул мамлекеттик органдарды оптималдаштыруунун максаты экенин кошумчалады.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясына каршы күрөштө ресурстардын ачык-айкын колдонулбагандыгы боюнча коомчулуктун тынчсыздануусун айтып, буга байланыштуу инфекция менен күрөшүүгө каражаттарды максаттуу, ачык жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы орто мөөнөттүү мезгилге негизги реформалардын пакети менен өлкөнү өнүктүрүүнүн кризистен кийинки программасын даярдоо процессин эртерээк баштоо зарылдыгына көңүл бурду.

Премьер-министр Улукбек Марипов учурда Өкмөт Мамлекет башчысынын алгачкы беш жарлыгында белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Ошондой эле ал өлкөдөгү бизнес секторун, инвесторлорду жана ишкердикти колдоо боюнча бир катар өкмөттүк чечимдер иштелип жаткандыгын кошумчалады.

Улукбек Марипов Өкмөттүн жаңы түзүмүн эске алуу менен алардын ишмердүүлүгүн адаптациялоо үчүн аткаруу бийлигинин ишине талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди.

Ошону менен бирге Премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жана антикризистик чараларды тезинен кабыл алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди, деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/613