Бир жумада 18 миңден ашуун жол эрежеси бузулган. Көбүнчө кайсы эреже бузулат?
RU

Бир жумада 18 миңден ашуун жол эрежеси бузулган. Көбүнчө кайсы эреже бузулат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы жумада республикада 18609 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы маалымдады.

ЖКККББ "Ар бир жол кыймылынын катышуучусунун өмүрү, жашына карабастан, баа жеткис!" атту жумалыгынын жыйынтыгын чыгарды.

Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Ага ылайык төмөндөгүдөй көрсөткүчтөр болгон.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ бардык айдоочуларга жайрылуу жасады.

"Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз! Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү. Жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек!",- деп кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6150