"Жеке кызыкчылыгы бар деп жатышат". Гараждын ээлери президентке кайрылышты
RU

"Жеке кызыкчылыгы бар деп жатышат". Гараждын ээлери президентке кайрылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-кичи райондогу гараждардын ээлери өлкөнүн президенти Садыр Жапаровго ачык кат жазышты. Ал гараждарды бир күн мурун Бишкектин мэриясы түрттүрүү аракетин жасаган.

"2022-жылдын 19-мартынан бери №20-гараж кооперативинин мүчөлөрү жеке мүлк үчүн санаа тартып жатабыз, - деп катта жазылган. - Ал эми бир күн мурун бийлик органдары келип, компенсация укугун бербестен мүлкүбүздү талкалай башташкан. Алар гараждардын алып салуу, жайгаштыруу жана сактоо процессине өздөрү каражат төлөш керек болчу. Анысы аз келгенсип, кайсы жерге гараждарды жайгаштыруу керектигин да айтпай жатышат. Бул акцияны уюштургандар, металл чогулткандарга майрам кылып беришти. Себеби, алар ит бекер толтура темир тезекке ээ болуп калат."

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, мэриянын жана акимиаттын өкүлдөрү сиз, президенттик башкармалык аркылуу бул жер тилкеге жеке кызыкчылыгыңыз бар деп айтып жатышат. Ошондуктан, мэрия дагы, акимиат дагы, прокуратура дагы жумуш ордуларынан ажырап калуудан коркуп, гараждарыбызды түртүрүү процессин токтото албайт имиш", - деп билдирүүдө айтылган.

Гараждын ээлери, муниципалитет менчик ээлеринин укугун бузуп жатканын баса белгилейт. Себеби, аны түрттүрүү процесси, аларга алдын ала айтылбай жасалууда. Гараждын ээлеринин көпчүлүгү дарыланып жатат, эмгек эргүүсүндө же чет өлкөгө жумуштап кеткен.

"Бул гараждарда 700дөн ашык унаа турат. Гараж жок болсо, ал унаалардын бардыгы жакынкы көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна токтотулат. А бирок биз экологиялык кырдаалды жакшыртууну көздөп жатпадык беле? Андан тышкары, Мамлекеттик курулуштун маалыматы боюнча, бул жер аркылуу жылуулук берүү жана газдын түтүктөрү сыяктуу борбордук коммуникациялар өтөт. Ошондой эле бул жер тилке көп кабаттуу үй салууга жараксыз, себеби тынымсыз жылып турат. Ошонун айынан жанындагы карьер иштетилбей токтоп калган болчу. Кооперативдин мүчөлөрүнүн көбү улгайып калгандар, Афганистан согушунун ардагерлери, эмгек ардагерлери, майыптыгы барлар, жападан жалгыз өмүр сүргөндөр. Гараждарды түрттүрүп салуу курч социалдык көйгөйгө айланып, күтүүсүз кесепеттерге алып келиши мүмкүн", - деп кооперативдин мүчөлөрү жазды.

Алар мэрияга да, Бишкек шаардык депутаттарга да, Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылганын, бирок алар көңүл кош мамиле кылгандарын белгилешти.

"Сиз Конституциянын гаранты болуп эсептелесиз. Жеке менчик укугу бардыгынан жогору турат, күчкө салып тартып алуу мүмкүн эмес. Биздин укугубузду коргоп бериңиз, себеби сиз биздин акыркы үмүтүбүзсүз.

Эгер биздин кызыкчылыкты коргоп калбасаңыз, демек, өлкөдө мыйзамсыздык орноду деп эсептей берсе болот", - деп кайрылууда жазылган.

Кайрылуунун алдына 650 киши кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6158