Дубалы урап калган үйдүн жашоочулары шамалдан коркуп көчөдө турушат (видео)
RU

Дубалы урап калган үйдүн жашоочулары шамалдан коркуп көчөдө турушат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаш Гвардия проспектисинин 75-үйүнүн жашоочулары "Кейжи Восток Сервис" ишканасы куруп жаткан объектинин дубалдары чатырына урап калат деп чочулашып, үйдөн качып чыгышкан. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 29-мартта сыртта катуу шамал болуп, жамгыр жаайт.

"Баарыбыз эле "Кейжи Восток Сервис" курулуш компаниясы куруп жаткан кошуна объекттен чочулайбыз. Балдары барлар коркуп башка жакка кетип жатышат. Алар мурункудай абал кайталанат деп коркушат", - дешти тургундар.

Алар жабыркаган үйдүн жашоочуларына райондук администрация да, курулуш компаниясы да жардам көрсөтпөгөнүн баса белгилешти.

"Бишкектин акими, вице-мэри жардам беребиз деп, алар да жок болуп кетишти. Эмне кылабыз? Шамал катуу болуп, курулуп жаткан объект, краны кошо титиреп жатат", - деп нааразы болушкан тургундар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6170