Антисептик сайылгандан кийин реанимацияга түшүп калган келин өзүнө келди
RU

Антисептик сайылгандан кийин реанимацияга түшүп калган келин өзүнө келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында антисептик сайылгандан кийин жандандыруу бөлүмүнө түшкөн келин баласын эмизип калды

Нарында облустук оорукананын төрөт бөлүмүнүн кызматкерлери 27 жаштагы келинге антисептик сайып, бейтап кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Окуя мындан бир апта мурда катталган.

Нарын облустук биргелешкен ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков билдиргендей, учурда келин баласын эмизип калды.

"Бейтап жандандыруу бөлүмүндө 4 күн жатты. 28-мартта жандандыруу бөлүмүнүн жалпы палатасына которулду. Өз алдынча кыймылдап, тамактанып, кызын эмизип калды. Бейтапка тиешелүү болгон көзөмөл жүргүзүлүүдө", - дейт жетекчи.

Белгилей кетсек, адистердин келинге антисептик сайып алган окуясы боюнча экспертиза дайындалган. Корутундунун негизинде бул факты тиешелүү берене менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынат дешет Нарын ОИИБден.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6174