30-мартка карата Украинадагы кырдаал
RU

30-мартка карата Украинадагы кырдаал

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Би-би-синин орус кызматы, Meduza жана башка басылмалар Украинада жана ал жактагы кырдаалга байланыштуу дүйнөдө акыркы күндө кандай окуялар болгонун айтып беришти.

  • Франциянын президенти Эммануэль Макрон Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, россиялык газды сатып алууда рубль менен эсептешүү мүмкүн эмес экенин белгиледи. Ал эми Мариуполдогу тургундарды эвакуациялоо боюнча эки өлкө башчысы бир пикирге келе алышкан жок.
  • Түркияда Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду жыйынтыкталды. Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин РФтин коргоо министринин орун басары "Киев жана Чернигов багыты боюнча аскерий активдүүлүктү кескин кыскарта турганын жарыялады".
  • Украина Крым жана Севастополь боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү 15 жылга чейин жүргүзүүнү, бул мөөнөттүн ичинде Крым маселесине аскердик кийлигишүү болбошу керектигин сунуштады.
  • Андан тышкары, Украина тынчтык келишимин сунуштап, анда ядердик кол салуудан жана блоктон тышкары статус болуш керек деп айтылат. Андан тышкары, чет элдик аскер агрессиясы боло турган болсо аскер тарабынан жардам көрсөтүү кепилдиги берилүүгө тийиш, деп көрсөтүлгөн.
  • Тынчтык келишиминин жоболорун Украина улуттук референдумга алып чыгат.
  • Эгер Киев тараптан тиешелүү кайрылуу боло турган болсо, Улуу Британия Украинага коопсуздук кепилдигин берүүгө даяр экенин билдирди.
  • "Ямал-Европа" газ түтүгү боюнча россиялык газдын өтүмдүүлүгү 29-мартта нөль көрсөткүчүнө чейин түшүп кеткен.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6182