Искендер Матраимов КМШ ПАА Кеңешинин контролдук-бюджеттик комиссиясынын жетекчиси болду
RU

Искендер Матраимов КМШ ПАА Кеңешинин контролдук-бюджеттик комиссиясынын жетекчиси болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун талапкерлигин көзөмөлдөө-бюджет комиссиясынын төрагалыгына жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

29-мартта Алматыда (Казакстан) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) уюмунун юбилейине арналган салтанаттуу жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, депутаттар Нурбек Алимбеков, Исатбек кызы Аида, Искендер Матраимов жана Данияр Төлөнов катышты.

Эске салсак, Матраимов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6187