"Жаңы олигархтын"иши. Камакка алынган айыл өкмөт башчынын жакындары митингге чыкты (видео)
RU

"Жаңы олигархтын"иши. Камакка алынган айыл өкмөт башчынын жакындары митингге чыкты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-мартта СИЗОго киргизилген Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловдун жакындары КР Башкы прокуратурасынын имаратына чогулушту. Алар башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жолугушууну күтүп жатышат.

Гүлзада Жалилованын айтымында, анын бир тууганы Саатбек Эгембердиев айыл өкмөттүн катчысы Акжол Абдуллаев менен бирге Идирис Исаковдун Баткен облусундагы коррупциялык иштер боюнча журналисттик иликтөөсүндө бардык чындыкты айтканы үчүн камакка алынган.

"Башкы прокуратура мага баары мыйзам чегинде болорун, инимдин башынан бир тал чач да түшпөйт деп ишендирди. Бирок, мунун канчалык чын экенин убакыт көрсөтөт", - деди Жалилова.

Ал белгилегендей, коррупциялык иштерди айткан адамдар абакта отурушат, ал эми шектелгендер өз ишин улантууда.

"Азыр Зулушевге барабыз, кандай кабыл аларын билбейбиз. Андан кийин Жогорку Сотко барабыз же Садыр Жапаровго, Ташиевге да жолугууга аракет кылабыз. Укук коргоочуларга кайрылабыз. Бизде мындан башка арга жок, биз чындыкты ээрчийбиз жана эч нерседен коркпойбуз", - деп жыйынтыктады Гүлзада Жалилова.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн дагы бир мурдагы башчысы Турабай Бостоновдун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты журналист Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү жарыялангандан кийин текшере баштаган.

Бул иликтөөдө Бостоновдун жергиликтүү аткаминерлер жана Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев менен байланышы, анын жардамы менен жер тилкелерин жана ар кандай объектилерди менчиктеп алганы тууралуу айтылат. Алардын 60ка жакыны жергиликтүү айыл өкмөттө бар.

Ал эми азыркы айыл өкмөт башчысы Бекжан Жалилов жерлерди менчиктештирүү боюнча жар салды. Аларды мамлекеттин балансына кайтарууну көздөгөн. Жалилов ошондой эле соттук териштирүүлөргө токтолду.

Андан соң Жалилов менен Эгембердиевдин кармалып, СИЗОго киргизилгени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6188