Гүлнур Сатылганова неберелүү болду
RU

Гүлнур Сатылганова неберелүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы эң популярдуу ырчы айымдардын бири Гулнур Сатылганова неберелүү болгонун сүйүнчүлөп, Instagram баракчасына жазды.

Бул билдирүүдөн кийин катталуучулары жана кыргыз шоу-бизнесинин башка өкүлдөрү ырчы айымды куттуктап, небересине өмүр жана ден соолук каалашкан.

"Сүйүнчү достор, сүйүнчү! Неберелүү болдум. Чоң эне болдум. Кудайымдан кыз небере тилеп алдым, миң мертебе ыраазымын. Мындай кубанычымды сиздер менен бөлүшпөй коё албадым", - деп инстаграм баракчасына жазган.

Белгилей кетсек, Гүльнур Сатылганованын уулу Арнас өткөн жылдын ноябрь айында Элина аттуу кызга үйлөнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6195