Кайсы өлкөлөр Украинанын коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр? Негизги жаңылыктар
RU

Кайсы өлкөлөр Украинанын коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр? Негизги жаңылыктар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Би-би-синин" орус кызматы, Meduza жана башка басылмалар Украинада жана ал жактагы кырдаалга байланыштуу дүйнөдө акыркы күндө кандай окуялар болгонун айтып беришти.

  • Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр 1-апрелден тартып онлайн уланат.
  • Буга чейинки эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин Украина НАТОго кирүү идеясынан баш тартууга даяр экенин билдирген. Бирок, анын ордуна гарант-өлкөлөр Украинанын коопсуздугуна кепилдик берүүгө тийиш деген. Гарант-өлкөлөр деп украина тарап: АКШ, Франция, Түркия, Германия, Канада, Польша, Израиль мамлекеттерин атаган. Алар, Украинага кол салына турган болсо, ага жардам берүүгө милдеттенет, анын катарында аскердик күчтөрү менен дагы.
  • Германия гарант-өлкө болуп берүүгө даяр экенин билдирди, бирок аскердик колдоо көрсөтүү боюнча үн каткан жок. Улуу Британия да өзүнө гаранттын милдеттерин алууга даярдыгын жар салды, ошол эле учурда, аскердик колдоо көрсөтүү милдетин мойнуна албай турганын ачык айтты. АКШ бул боюнча жооп ката элек.
  • Француз Директоратынын аскердик чалгындоо кызматынын генералы Эрик Видо отставкага кетти. Себептеринин бири, анын ведомствосу Россиянын Украинага кол салуусуна ишенген эмес.
  • АКШнин Пентагону берген маалыматка ылайык, Россиянын аскери Чернобыль шаарынан кете баштады.
  • Россиянын коргоо министрлиги берген маалыматка ылайык, "Донбассты толук бошотуу операциясын жыйынтыктоо" максатында "Киев жана Чернигов багытында Россиянын аскери планга кирген кайра топтоштуруу иштерин жүргүзүп жатат"
  • "Азовдун" полку жана CNN берген маалыматка ылайык, Россиянын аскери Мариуполь шаарындагы Кызыл Кресттин складын аткылаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6197