Элмурза Сатыбалдиев Эркин Мамбеталиев менен бирге ырдаштыбы? Видео
RU

Элмурза Сатыбалдиев Эркин Мамбеталиев менен бирге ырдаштыбы? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Элмурза Сатыбалдиев менен ырчы Бек Борбиев жана Эркин Мамбеталиевдин чогуу түшкөн сүрөтү талкуу жаратты. Буга чейин Эркин Мамбеталиев Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар деп айтылып келген.

Интернет колдонуучулар депутат, мурунку башкы прокурор, киши өлтүргөн деп айыпталган адам менен бирге жүргөнү туурабы? - деген суроо салышты.

Элмурза Сатыбалдиев Kaktus.kg'ге сүрөт кандай кырдаалда тартылып калганын айтып берди.

Депутаттын айтымында сүрөт 2017-жылы Бек Борбиевдин туулган күнүндө тартылган.

"Жаңы сүрөт болсо деле эмне экен? Бек Борбиев ырчы, музыкант, актаруучу. Мен анын туулган күнүндө ырдадым", - дейт Сатыбалдиев.

Ал Мамбеталиев менен бирге ырдаган же тост айткан болушум мүмкүн, деп божомолдоду.

"Бирге ырдасак керек", - деп депутат, кийин биз үчүн да ырдап берүүнү убада кылды.

Эске салсак, 2008-жылы КРдин Жогорку соту Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиевди бир нече адамдын (милициянын полковниги Чыныбек Алиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев, Азис Батукаевдин күйө баласы Хаважи Заурбеков, "Рахат" панисонатынын ээси Бахрулы Бурханов, кылмыштуу топтун мүчөсү Нурлан Бердикеев жана Таалай Абасов, жеке ишкер Шамил Адеевдин) өлүмүнө катыштыгы бар деп айыпталып, өмүр бою камакка алынсын деген бүтүм чыккан. Бирок апрель окуяларынан кийин 2010-жылы Атамбаев президент болуп турган кезде Мамбеталиевдин иши кайра каралып, өмүр бою эркинен ажыратуу бүтүмү 15 жылга камакка алынсын деп өзгөртүлгөн. Андан кийин мунапыска илинип, эркиндикке чыккан.

Белгилей кетсек, Элмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңешке Өзгөн облусунан бир мандаттуу округ боюнча шайланып келип, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын катарына кирген. Борбиев да парламаенттик шайлоого "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын катарында ат салышкан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6201