Мэрия жана айыл өкмөттүн иштери боюнча пикирлериңиз барбы? Бюджеттин долбоорун талкуулаңыз
RU

Мэрия жана айыл өкмөттүн иштери боюнча пикирлериңиз барбы? Бюджеттин долбоорун талкуулаңыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мэриянын жана айыл өкмөттөрдүн мындан аркы иштери боюнча пикирлериңиз барбы? Бюджеттин долбоорун талкуулоого катышыңыз!

Мектеп автобусу жок болсо,2016-жылы Ат-Башыда, 2017-жылы Кочкордо болгон окуялар сыяктуу үрүл таңда кошуна айылдагы мектепке бараткан окуучуларга карышкырлар кол салуусу мүмкүн. Эгер үйдүн жанында таштандылар күйүп жатса Ош облусундагы айылдардын биринде болгондой үйдөгү улгайган адам дем ала албай кыйналышы ыктымал. Шаардыктарды пикирин эч ким укпаса 2017-2019 жылдары Бишкек шаарынын мэриясы 5 миң бак-даракты кыйып салгандай шаар "таз" болуп кала берет. Кесилиштерде жол чырактар жок болсо, Кыргызстандын ондогон калктуу конуштарында дайыма жөө жүргүнчүлөр жабыркай берет. Бул маселелердин баарына акчасы аз бирок милдеттери арбын жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жооптуу. Көп учурда айыл өкмөт же мэрия абалды көзөмөлдөп турууга үлгүрбөйт, жергиликтүү коомчулуктун биринчи кезектет кайсы "көйгөйү" менен күрөшүү керек экендигин билбейт. Бюрократиялык тил менен айтканда, ЖӨБ органдары кайсы көйгөйгө жергиликтүү бюджеттен азыр акча бөлүү керек, кайсынысы келерки жылга чейин күтө турса болот деп туура чечим кылып , артыкчылыктуу багытты аныктай алышпайт.

Айылдын же шаардын ар бир тургуну бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү боюнча мэриянын жана айыл өкмөтүнүн чечимине таасир эте алабы?

Таасир эте алат. Кыргызстандын Бюджеттик кодекси бардык бийлик органдарын, жарандарга алдыдагы жылдарга бюджеттин чыгаша планын жана өткөн жылдагы чыгым боюнча отчетторду талкуулоого мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттендирет. Маанилүүлүгү боюнча Бюджет кодекси көптөгөн мыйзамдардан жогору турат. Ошондуктан анын жоболору так аткарылышы керек. А биз, шаар же айыл тургундары муну талап кылууга акыбыз бар.

Көчөңүздүн жолу начар экенин же көчө чырактарындагы лампалар көп жылдардан бери алмаштырылбаганын , балаңыз, иниңиз же сиңдиңиз окуган мектеп талкаланып жатканын билесизби ?.... Сиз, мэрден же айыл өкмөт башчысынан бул көйгөйгө көңүл бурууну, жана ушул сыяктуу башка көйгөйлөрдү чечүүгө каражат издөөнү талап кылууга укугуңуз бар.

Качан, кайсы учурда жергиликтүү бюджетке таасир этүүгө болот?

Адатта жыл сайын июнь-июль айларында мэрия жана айыл өкмөттөр келерки жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун коомдук талкууга алып чыгышы керек.

Коомдук талкуу көзмө-көз коомдук угуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган тургундардын чогулушу түрүндө уюштурулушу мүмкүн.

Же Финансы министрлигинин (сайтына, "Жарандык бюджет" (https://gb.minfin.kg/) бөлүмүнө жайгаштыруу менен сырттан жүргүзүлсө да болот.

Мыйзам, мэриялар менен айыл өкмөттөрү жарандардын катышуусунда бюджеттик угууларды өткөрүүгө милдеттүү экенин айтат. Мындай угууларга каалаган адам же коомдук уюмдун өкүлү иштеген жерине, жынысына, улутуна карабастан катыша алат.

Бюджеттик угууларды уюштуруу үчүн муниципалитеттер угуу күнүнө чейин жок эле дегенде бир жума мурун бул маанилүү иш-чараны өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгы жөнүндө жарыя кылышы керек. Ошондой эле алар адамдарга алдын ала бюджеттин долбоорун же өткөн жылы бюджет кандай аткарылганы тууралуу отчет менен таанышууга мүмкүнчүлүк бериши керек. Ал эми муну жасоонун эң оңой жолу Каржы министрлигинин сайтындагы "Жарандык бюджет" (https://gb.minfin.kg/) бөлүмүнө жайгаштыруу.

Катардагы жөнөкөй жаран жергиликтүү бюджетти талдай алабы? Жергиликтүү бюджет канчалык " коркунучтуу" жана түшүнүксүз?

Каржы министрлигинин сайтындагы "Жарандык бюджет" бөлүмүндө (https://gb.minfin.kg/) ар бир шаардын же айыл аймактын жергиликтүү бюджети жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде берилген. Ал аркылуу жергиликтүү коомчулуктун каражаты келерки жылы кандай максаттарга жумшалат түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бар: кайсы жолдорду оңдоо пландалып жатат, кайсы бала бакча же маданият үйүнүн чатыры жаңыланат, кайсыл аянт көрктөндүрүлөт, кайсы көчөгө таза суу берилет жана башка.

Каржы министрлигинин сайтынын "Жарандык бюджет" (https://gb.minfin.kg/) бөлүмүнөн көргөн жана угууларда уккан маалыматтарды кошуналар менен, достор менен талкуулоого болот жана талкуулаш керек. Анткени, мыйзам бюджет боюнча өз сунуштарыңызды жана буйруктарыңызды расмий кат же кайрылуу жүзүндө берүүгө мүмкүндүк берет, ал эми жамааттык кайрылуу же сунуш салмактуу жана чоң мааниге ээ.

Жарандардын жергиликтүү бюджетке кылдат көңүл буруусу муниципалдык кызматкерлерди бюджеттин чыгашаларына жана өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга мажбурлайт.

Анткени алардын берген бардык убадаларын эл угуп, эсине түйүп калаарын түшүнүшөт. Ал эми бир жылдан кийин бюджеттин чыгашасы боюнча отчет берүү керек болгондо жарандар убадаларын эске салып, өтө ыңгайсыз суроолорду бериши мүмкүн. Жарандардын сунуштары жана суроолору муниципалитеттин адистери тарабынан жоопсуз калуусу мүмкүн эмес. Оозеки суроого алар түз эле угуу учурунда жооп берүүгө андан кийин угуунун протоколун жарыялоого милдеттүү. Ал эми Финансы министрлигинин сайтындагы "Жарандык бюджет" бөлүмүндө (https://gb.minfin.kg/) муниципалдык кызматкерлер жарандардан түшкөн суроо, сунуштарга кат жүзүндө жооп беришет.

Жакында жергиликтүү бюджеттерди талкуулоо мезгили башталат. Кыргызстандын ар бир жаранында жергиликтүү бюджетке таасир этүүгө, өз сунушун киргизүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына артыкчылыктуу багыттарды аныктоого жардам берүүгө, келерки жылга жергиликтүү бюджеттин максаттарын тандоого мүмкүнчүлүк бар. Ар бир жаранда ЖӨБ чакыруусу менен бюджет боюнча КР Каржы министрлигинин сайтындагы "Жарандык бюджет" (https://gb.minfin.kg/) бөлүмүнө кирүүгө, коомдук угууга чакырган мектепке же клубга барууга тандоо бар .

Бюджет долбоорун талкуулоого катышабызбы деген суроонун жообу мэриянын же айыл өкмөттөрдүн мындан аркы иштери боюнча ар бирибиздин жеке пикирибизден көз каранды. Пикириңиз барбы? Катышыңыз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6206