"Ал менден коркот, анткени мен спортчумун". Бейшеналиев кайрадан Исманкуловго келди
RU

"Ал менден коркот, анткени мен спортчумун". Бейшеналиев кайрадан Исманкуловго келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан Исманкулов клиникасына келди.

"Мен бир жума командировкада болгом. Бул аралыкта Исманкулов эки жолу интервью бериптир. Мен жөнүндө сүйлөп, хирург иш кылат, ал эми министр эс алып, Жогорку Кеңеш менен иштеп, тойлорго бара берсин дептир. Жок, жаңылышат. Министр иштеп, Исманкуловго окшогон коррупционерлер, шылуундар тартып алган имараттарды кайтарып бериши керек",- дейт ал.

Бейшеналиевдин айтымында, ал Исманкуловдун чектен чыгып кеткенин билгенден кийин иш сапарын токтоткон.

"Ал менден коркуп жатат, анткени мен спортчумун. Биз бардыгын мыйзамдуу түрдө жасаганбыз. Мэрия "Протект Строй" ЖЧКсы менен келишим түзгөн. Сыртынан оңдоп, анан ичин оңдоп беришет. Бул башталышы гана деп ойлойм", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

"Мен анын медициналык жабдыктарын тартып алам. Анткени ал ага эмес, мамлекетке тиешелүү. Мен аны камап салууга аракет кылам. Лицензиясын жок кылдырам", - деди Бейшеналиев.

"Айтканымды кылам. Көрсө, ал түшүнбөйт экен. Көбү менин мүнөзүмдү билип туруп дароо бошотуп беришти. Ошол эле Акрамов дагы. Анткени мен баштаган ишти аягына чыгарам", - дейт Саламаттыкты сактоо министри.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6214