Жети менчик медициналык университеттен документтер алынды. Тизме
RU

Жети менчик медициналык университеттен документтер алынды. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдөгү жети менчик медициналык университеттен клиникалык базанын стандарттарына ылайык келген документтер алып салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

"Менчик медициналык жогорку окуу жайлардын клиникалык базаларын талдоонун жыйынтыгы боюнча 17 менчик жогорку окуу жайдын ичинен 8инде студенттердин адистиктер боюнча окутууда, практика өтүү үчүн шарттар бар. Ал эми калган 9 менчик билим берүү уюмдарында мындай шарттар аздык кылат, кээ биринде таптакыр жок", - деп билдиришти министрликтен.

Жыйынтыгында төмөнкү жогорку окуу жайлардын белгиленген үлгүдөгү 6-формасын алып салуу чечими кабыл алынган:

  • Ош эл аралык медициналык университети;
  • Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту;
  • "Роэль Метрополитен" университети;
  • "Авиценна" эл аралык медициналык институту;
  • "ABC" академиясы;
  • Бишкек эл аралык медициналык институту;
  • Эл аралык медицина жана илим университети.

Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлигине жогоруда аталган 7 жогорку окуу жай жана мурда 6-форманы ала элек 2 жогорку окуу жай боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн билдирүү даярдалган. Алар Бишкек финансы академиясынын алдындагы Адам университети жана Экономика жана эл аралык илим жана бизнес университети.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6218