Кыргызстандан Miss Supranational 2022 сынагынын катышуучусу көрсөтүлдү. Сүрөттөр
RU

Кыргызстандан Miss Supranational 2022 сынагынын катышуучусу көрсөтүлдү. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Ширин Алайчиева "Miss Supranational 2022" сынагына катыша турганын улуттук сулуулар сынагынын дирекциясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстан биринчи жолу Miss Supranational 2022 эл аралык сулуулук сынагына катышат.

2021-жылдын ноябрында Бишкекте жыл сайын өтүүчү "Мисс Кыргызстан-2021" улуттук сулуулук сынагы өтүп, анда Ширин Алайчиева "Вице-Мисс Кыргызстан-2021" наамын жеңип алган.

Ал Бишкекте туулуп-өскөн. Мектепти аяктагандан кийин түштүк борборго көчүп келип, ОшМУга тапшырган. Учурда медицина факультетинде жалпы медицина адистиги боюнча билим алууда. Диплом алгандан кийин аспирантурага тапшырууну пландап жатат.

Ширин бала кезинен гимнастика менен, профессионалдуу түрдө балет менен машыгып, эл аралык мелдештерге барып турган. Анын бою 179 см.

"Диплом, билим, тажрыйба, сулуулук, акча болушу мүмкүн, бирок өзүңө ишенбесең, максатыңа жете албайсың. Анткени өзүңө ишенбесең, эл сага ишенбейт. Өзүңө болгон ишеним сүйкүмдүүлүктүн негизи", - дейт Ширин.

***

Miss Supranational - дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген адилет жыныстагылар үчүн престиждүү телекөрсөтүү сулуулук сынагы. Сынакка 18 жаштан 26 жашка чейинки улуттук сулуулук сынактарынын бойдок жеңүүчүлөрү катыша алышат. Сынак Бүткүл дүйнөлүк сулуулук ассоциациясы тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет жана сулуулук сынагынын чоң шлемине кирген.

Жыл сайын сынактын финалы дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүндө түз эфирде көрсөтүлөт. Сынактын жеңүүчүсү 35 000 доллар алат.

Miss Supranational 2022 13-эл аралык сулуулар сынагына дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсү катышат. Кыргызстан ага Борбор Азиядан биринчилерден болуп катышкан. Miss Supranational 2022нин финалы күзүндө Варшавада (Польша) өтөт.

Ширин Алайчиева.

Даярдык учурунда катышуучуларга хореографиялык сабактар, маектешүү, сүрөткө тартуу жана улуттук кийимдер сынагы өткөрүлөт. Сынакта Кыргызстандын негизги атрибуту улуттук кийим болмокчу. Ширин Алайчиева кыргыздын стилдештирилген улуттук кийимин тартуулайт. Ал боюнча иштер азыртадан эле башталган.

Ошондой эле, азыр Ширин Алайчиева Кыргызстан тууралуу презентациялык ролик тартууга образдарды даярдап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6222