Саламаттыкты сактоо министрлиги: Коронавирустун британиялык штаммы жакындап келатат
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Коронавирустун британиялык штаммы жакындап келатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

COVID-19 пандемиясы азайды, бирок инфекциянын британиялык штаммы тездик менен жайылууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда, пресс-конференция учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөбаев билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, COVID-19дун жайылуу темпи кыйла төмөндөдү. Бул көрсөткүчтү Европадагы жана Кыргызстандагы оору жугузуу статистикасын көрүп айтса болот.

"Февралдын башынан бери инфекциянын жайылуу темпи төмөндөдү, ошого карабастан биз вирустун циркуляциясын күндө аныктап турабыз, анын көрсөткүчтөрү азырынча стабилдүүлүк тууралуу айтууга мүмкүнчүлүк бербей жатат", - деп белгиледи Үсөнбаев.

Ошондой эле, британиялык вирустун штаммын жуктуруп алуу коркунучу улам өсүүдө.

"COVID-19дун мутациясы жана жаңы штамдары тууралуу улам жаңы маалымат чыгып жатат. Өзгөчө, британиялык штамм жөнүндө көп айтылууда. Ал тууралуу 60тан ашык өлкө билдирүү жасашты. Биздин жаныбызда эле, коңшу Өзбекстанда, бир учур катталды. Акырындык менен циркуляциялаган вирустун ордуна жаңы мутация болгон штаммдар келе жатат. Ошондуктан, коопсуздукту сактоо керектигин эстен чыгарбагыла", - деп чиновник эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/622