Тажикстандын президенти элди эки жылга азык-түлүк камдап алууга чакырды
RU

Тажикстандын президенти элди эки жылга азык-түлүк камдап алууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 1-апрелде Рамазан айы менен куттуктап, мекендештерди эки жылдык азык-түлүктү камдоого чакырды. Бул тууралуу CentralAsia.media жазган.

"Жаздын ар бир жагымдуу күнүн эгиндерди өз убагында эгип бүтүрүү, мол түшүмдүн пайдубалын түптөө үчүн пайдалануу керек. Ар бир үй-бүлө эки жылдык азык-түлүк камдоосу керектигин дайыма эстен чыгарбашыбыз керек. Акыркы жылдары эл мунун пайдалуу экенине, өзгөчө акыркы эки жылда жугуштуу оору – коронавирустун жайылып баратканына ынанды. Балдарыбыздын жана үй-бүлө мүчөлөрүбүздүн, дегеле өлкөнүн бардык тургундарынын эч кандай кыйынчылыктарга дуушар болбошу жана азык-түлүктүн жетишсиздигинен же кымбатташынан жапа чегип калбашы үчүн бардык чараларды көрүү зарыл экенин бүгүн ойлонушубуз керек. Айрыкча алдыдагы куз-кыш мезгилинде"-, деп кайрылды Рахмон.

"Нандын тартыш болгон жарандык согуш жылдарындагы элибиз тарткан азап-тозокторду унутпашыбыз керек. Ушуга байланыштуу дагы бир жолу баса белгилегим келет, ар бир үй-бүлө өзүн кантип камсыз кылууну ойлонуп, мүмкүн болушунча көп азык-түлүк өндүрүп, керектүү азык-түлүктү эки жылга камдап алуусу керек.", - деп баса белгиледи Президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6232