Садыр Жапаров: Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар
RU

Садыр Жапаров: Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

"Мага жеткен маалыматтар боюнча кандайдыр бир топ эртең акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир. Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот.

Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө жарым келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок.

Албетте, биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикириңерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. Бир гана сураныч. Элчиликтерди тынч коюңуздарчы", - дейт ал.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында район аралык соттордун чечими менен Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча тынч митингдерди, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6234