Бишкекте милиция Путинге каршы акциянын катышуучуларын кармап кетти
RU

Бишкекте милиция Путинге каршы акциянын катышуучуларын кармап кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-аперлде, Бишкектеги Максим Горький атындагы скверде Россиянын президенти Владимир Путинге каршы тынчтык митинги өтмөк. Марш 14:00го пландалган болчу.

Бирок митинг башталгандан кийин 20-30 мүнөт өтпөй Биринчи май райондун ИИБсинин кызматкерлери митингге келгендерди кууп, активдүүлөрүн кармап кеткен.

Сквердин аймагында каршылык акцияларын өткөрүүгө уруксат берилгенине карабастан, милиция аларды камакка алды. Бирок кармоого эмне себепкер болгонун түшүндүрүшкөн жок.

Белгилей кетчү жагдай, ушундай эле акция, бир нече саат мурдараак өткөрүлгөн. Бирок аларга эч ким тийишкен жок. Ал акциянын бир гана айырмачылыгы, Россияны колдоо акциясы болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6240