Садыр Жапаровго митингдин арты менен президент болгонун эскертишти
RU

Садыр Жапаровго митингдин арты менен президент болгонун эскертишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Бириккен демокартиялык кыймылынын мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго ачык каты менен кайрылышты. Ага Бишкекте митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганы себепкер болду. Кыймылдын мүчөлөрүнүн пикири боюнча, мындай тыюу салуулар конституцияга каршы келет, жана ал өзү да кезинде митингдин арты менен бийликке келген.

Kaktus.kg ачык кайрылуунун урунттуу учурларын келтирет:

Конституциянын 39-беренесинде ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу, деп айтылат. Конституциянын 23-беренесинде "Адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат" - деп жазылган.

Бул сиз иштеп чыккан Конституциянын жоболору. Андагы өзгөртүүлөр сиздин демилгеңиз менен иштелип чыгып, кабыл алынган!

Конституцияга ылайык, биздин укугубузду сиз коргоп, сиз ага кепилдик болосуз. Бирок коргоонун ордуна системалуу түрдө көз жумуп коюп жатасыз. Унчукпастан колдоп турасыз.

Соттордун тынч чогулушка тыюу салуусу сиздин администрациянын тапшырмасы менен кабыл алынганы анык. Соттук тыюу салууларды ачык колдоп, далилдеп койдуңуз.

Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар Украинадагы согушка каршы акцияларга чыкты. Согуш, бул бир гана украина элин жок кылуу эмес, бул жалпысынан адамзатка жаралган коркунуч.

Украинадагы согушка каршы тынчтык акциялары, коомдук тартипке жана бийликке эч кандай коркунуч жаратпайт болчу.

Эмне үчүн РФтин элчисинин эркелигинин айынан өз жарандарыңыздын укугун тебелеп жатасыз? Тетирисинче, ага өз ордун көрсөтүп, Кыргызстан көз карандысыз, демократиялуу өлкө экенин так айтышыңыз керек болчу. Жарандарын тынчтык акцияларга чыгуусуна Конституция тарабынан кепилдик берилет.

Сөздүн соңунда, сиз жана сиздин тарапташтарыңыз уюштурган митингдер тууралуу эскертип коюну чечтик:

  • 2012-жылдын 3-октябрында - учурдагы бийликти алып түшүүгө, "Ак үйдү" басып алууга үндөгөн митинг;
  • 2013-жылдын 24-апрелинде - Тарых музейинин алдындагы митинг;
  • 2013-жылдын 7-апрелинде - Каракол шаарындагы митинг;
  • 2017-жылдын 25-мартында соттун тыюу салганына карабастан УКМК имаратынын алдында өткөн митинг;
  • 2019-жылдын 23-апрелинде - Жогорку соттун алдындагы митинг;
  • 2020-жылдын 2-мартында - Бишкектин аянтындагы митинг. Анда да акция соттун буйругуна каршы өткөн.
  • 2020-жылдын 5-6-октябрында өткөн митингдердин арты менен сиз президент болдуңуз.

Көрүнүп тургандай, сиз тынчтык митингдерине чогулуу укугуңузду толугу менен колдонуп ишке ашыргансыз, ошол кездеги бийликтен Конституциядагы укуктарыңыздын сакталышын талап кылгансыз. Жада калса, ачык эле бийликти алып түшүүгө элди үндөгөнсүз. Соттордун жана тергөөнүн адилетсиздигин айтып чыккансыз, анан эмне үчүн азыркы тапта сизге чейин бийликте тургандардын катасын кайрадан кайталап жатасыз?" - деп жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6241