Евробиримдиктеги биринчи өлкө орус газынан толук баш тартканын жарыялады
RU

Евробиримдиктеги биринчи өлкө орус газынан толук баш тартканын жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Литва орус газынан толук баш тартты, деп билдирди президент Гитанас Науседа.

"Ушул айдан тарта Литвага орус газы келбейт. Көп жылдар мурун менин өлкөм агрессор менен энергетикалык байланышты оңой үзүүгө мүмкүндүк берген чечимдерди кабыл алган. Эгер биз муну жасай алсак, анда калган Европа да жасай алат!" - деп жазды Науседа өзүнүн Twitter баракчасына.

Буга чейин Еврокомиссия орус газын жылына 155 миллиард куб метр керектөө менен алмаштыруунун чукул планын даярдаган. Иш-чаралардын арасында радиаторлорду жана кондиционерлерди колдонууну кыскартуу (бул 14 миллиард куб метрге жакын газды үнөмдөйт), биометанды жайылтуу, ошондой эле шамал жана күн энергиясы боюнча долбоорлорду (дагы 25 миллиард куб метр үнөмдөө) камтыйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6246