Садыр Жапаров Эрмек Нургазиевди мэр кылбай калдыбы?
RU

Садыр Жапаров Эрмек Нургазиевди мэр кылбай калдыбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-февралда. Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалгандай болду эле. Аны жамаатка тааныштырып, жада-калса, алгачкы пресс-конференциясын берип жетишкен.

Басма сөз жыйынында ал, президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн, ага өзүнүн долбоорлорун сунуштаганын жана ал аны колдогонун айткан.

Ал эми бүгүн, түштөн кийин, Садыр Жапаровдун Instagram баракчасына төмөнкүдөй кайрылуу чыккан (Kaktus.media ред. - орфография жана пунктуация сакталган).

"Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес".

Ошондо Садыр Жапаров Нургазиевди мэр кылбай калдыбы? Бирок, мыйзам боюнча, борбор шаардын мэрин президент дайындабайт. Аны премьер-министр же Бишкек шаарынын шаардык кеңеши бекитет.

Белгилей кетсек, буга чейин Эрмек Нургазиевдин да Садыр Жапаровго мамилеси башкача болчу. Качандыр бир убакта ал анын бийлигин кабыл алчу эмес, жана пикирин Facebook'ка ачык билдирип келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/624