Кыргызстанда бизнесте аялдардын потенциалын ачуу үчүн коалиция түзүлдү
RU

Кыргызстанда бизнесте аялдардын потенциалын ачуу үчүн коалиция түзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

- Мен Махабат Жакеева Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынан болом. Кол өнөрчүлүк боюнча чакан бизнесим бар – кургак жана нымдуу кийиз басып, жүндөн оюнчук жасайм. Чоң энемден үйрөнгөн өнөрдүн алып жүрүүчүсү катары менин миссиям – билимимди башкаларга жеткирүү, салттуу ыкмаларды сактоо менен продукция чыгаруу. Көптөгөн аялдар сыяктуу эле, менин ишмердүүлүгүмдүн башында абдан чоң көйгөйлөргө туш болдум, тагыраагы, каржылоо жана маалыматка жетүү жаатында.

Ушундай ишкерлерди колдоо үчүн коалиция түзүлгөн.

Борбор Азиядагы аялдардын ишкердигин колдоо боюнча аймактык программанын координатору Асел Кубанычбекованын айтымында, өткөн жылы үч уюм – Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE), Америкалык адвокаттар ассоциациясы (ABA ROLI) жана жалпы кызыкчылыктарды издөө (Search) - WAGE демилгесинин алкагында Борбордук Азиядагы Аялдардын Улуттук Ишкердик Күн тартибин ишке киргизди.

Ноябрь айында жергиликтүү деңгээлдеги аялдардын бизнес-ассоциациялары менен коомдук уюмдардын коалициясы түзүлдү, - дейт долбоордун координатору. "Бүгүнкү күндө анын курамына 22 уюм кирди. Алардын баары аялдардын турмушун ишкердик аркылуу жакшыртууга багытталган. Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү программасын натыйжалуу ишке ашырууда Координациялык кеңештин төрагасы болуп 10 жылдан бери аялдардын ишкердигин өнүктүрүү менен алектенген Айнура Сагынбаева шайланды".

"Жалпы кызыкчылыктарды издөө" тынчтык орнотуу уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын директору Кеңешбек Сайназаров белгилегендей, Борбор Азиядагы аялдардын ишкердигин илгерилетүү долбоорунда (Women and gilr empowered, WAGE) алардын уюму адвокаттык платформаларды иштеп чыгууда.

"Аялдар чоң роль ойноп, көбүрөөк иштешсе да, тилекке каршы, алардын ролу жана мааниси бааланбай жатат. Ушул абалды жакшыртууну каалайбыз.

Долбоордун негизги максаты – аялдар эркектер сыяктуу эле ишкер экенин көрсөтүү. Жада калса алардан да күчтүүрөөк! Анткени алардын үй-бүлөсү, бала-чакасы, кайын журту бар. Ага карабай үй-иштерине да, бизнесине да, бардыгына жетишишет.

Ал эми экинчи максаты - биздин патриархалдык коомдо аялдарга карата зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берүү.

Биздин аялдар кошумча каражат талап кылбайт. Болгону аларга мүмкүнчүлүк берип, шарт түзүп берүүнү суранышат. Буга мамлекеттин кудурети жетет. Болгону көңүл буруш керек", - деди Сайназаров.

"Жеке мен ар дайым дүйнөлүк коомчулук менен болгум келет, Кыргызстан четте калбай, бүткүл цивилизациялуу дүйнө менен бирге өнүгүүгө, жашоону жакшыртууга, анын сапатын жогорулатууга багыт алышын каалайм", - Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү коалициясынын Координациялык кеңешинин төрайымы Айнура Сагынбаева.

Кыргызстан WAGE деп аталган дүйнөлүк кыймылга кошулганына абдан кубанычтамын, анын максаты кыз-келиндерди өнүктүрүү, алардын потенциалын ачуу.

WAGE демилгесинин колдоосу менен биздин өлкөдө аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана аларга карата зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү максатында бизнес-ассоциациялардын Коалициясы түзүлдү".

"Бардык жерлерде жеке уюмдар мамлекеттик программаны ишке ашыруубуз керектигин, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү керек экенин айтышты. Анткени бул эркектер менен тең укуктуу болуу үчүн гана эмес, өлкө үчүн көбүрөөк экономикалык пайда болот. Мисалы ИДПнын өсүшү, Жумуш орундарын түзүү, бизнестин, өзгөчө кичи жана орто бизнестин гүлдөп-өнүгүшүнө алып келет. Мына ушул көз караштан алганда, биз бул кубаттуу потенциалды колдонушубуз керек", - деп баса белгиледи Сагынбаева.

"Бирок бир уюм бир жыйынтык дегенди билдирет, Кыргызстандын булуң-бурчунан бардык бизнес-ассоциациялар бир аянтчага бириккенде, албетте, ал бир топ терең, кенен жана бийик болот.

Бүгүнкү күндө 22 уюм кирген ушундай коалиция түзүлгөнүнө абдан кубанычтамын. Буга бизнес-ассоциациялар гана эмес, өзүн ишке ашыргысы келген жана өз салымын кошкусу келген инсандар да кошула алат".

Анын айтымында, коалиция ошондой эле аялдардын ишкердигин колдоо программасын ишке ашырууда Экономика министрлигинин өнөктөшү катары түзүлгөн.

"25 жыл мурун бизнес менен алектене баштагам. Башында аябай коркчумун. Алты ай күнү-түнү уктабай, кээде ыйлап, кээде күлчүмүн "салыктарды, айлыкты эмне кылам", "жумуш жок болсо кызматкерлеримдин көзүн кантип карайм" деп коркуп жүрдум.

Мен академиялык чөйрөдө иштегениме, илимий кандидат болгонума, декан болгонума, АКШда стажировкадан өткөнүмө, Украинада, Москвада окуганыма карабай өзүмө ишенүү жок болгон.

Айрыкча, стереотиптер менен жашаган, маалыматка, билимге, каржы институттарына жетишсиз болгон аймактардагы аялдарыбыздын кандай кооптуулугу бар экенин элестеттим. Алардын борбордо жашап, иштеген кызга караганда бир топ тоскоолдуктары бар.

Бирок аларда ачылбаган таланттары, потенциалы бар деп ишенем. Бул таланттар өлкөбүздү өзгөртө алат, колубуздан келет, бирок колдоо керек!" – деди коалициянын координациялык кеңешинин төрагасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6257