БНИЦТОнун ордуна тез жардам ооруканасы ачылды (видео)
RU

БНИЦТОнун ордуна тез жардам ооруканасы ачылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун ордуна тез жардам ооруканасы ачылды. Анын ачылышына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келди.

"Бүгүнкү күндөн тарта бизге бейтаптар тез жардам аркылуу кабыл алынат. Азыр ооруканада бардык адистештирилген бөлүмдөр, толук кандуу дарыгерлер, дары-дармектер да бар. Жабдууларды чогултуп жатабыз, бирок эң керектүү нерселердин баары бар", - деп ооруканасынын директору Памир Муратов Kaktus.media сайтына билдирди.

"Бул жер көп тармактуу адистештирилген мекеме. Кечиктирилгис медициналык жардам күнү-түнү көрсөтүлөт. Ооруканада кошумча кардиология, терапия, неврология жана кыска мөөнөттүү жардам бөлүмдөрү уюштурулган", - деп тез жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Мина Табалдиева билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору (БНИЦТО) Тез жардам клиникалык ооруканасына айландырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6279