Садыр Жапаровго белекке берилген унаа Турдакун Усубалиевдики эмес
RU

Садыр Жапаровго белекке берилген унаа Турдакун Усубалиевдики эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Турдакун Усубалиевдин фонду Садыр Жапаровго белекке берилген унаа туураасында комментарий берип, ал машине эч качан Турдакун Усубалиевдин менчигинде болгон эмес, деп билдирди.

Фонд берген маалыматка ылайык, Кыргыз ССРинин ЦК компартиянын биринчи катчысында мындай унаа болгон эмес. 70-жылдары жогорку кызматта отурган чиновниктерге берилген белектердин бардыгына катуу көзөмөл салынчу, ал эми бардык мүлк, дароо каттоого алынчу. Ошол мүлктүн арасында жогорудагы унаа туурасында эч кандай маалымат жок.

"Турдакун Усубалиевдин коомдук фонду бул машине эч качан Усубалиевдин менчигинде болгон эмес, деп билдирет. Ошондой эле фонддун жетекчилиги Турдакун Усубалиевдин ысмы жеке адамдардын же коомдук бирикмелердин өз кызыкчылыктарды көздөп колдонулушуна каршы чыгат", - деп фонддун билдирүүсүндо жазылган.

Эске салсак, бүгүн Садыр Жапаровго Турдакун Усубалиевдин унаасы белекке берилгени маалым болгон. Машинени Кочкор районунун Бакай деген тургуну тапшырган. Садыр Жапаров алган белеги тууралуу Instagram баракчасына жазган.

"Турдакун Усубалиевдин автоунаасын алганым сыймык, бирок аны музейге тапшырууну ылайык көрүп турам.

Кочкор жергесинен келген Бакай аттуу мекендешибиз Турдакун Усубалиевдин автоунаасын мага белекке тартуулады.

"00-01 ФИА" номерлүү атоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин соңунда Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машине дале жапжаңы, жакшы каралган. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт.

Дөөтү деген дөөтү, Кыргызстанды 1961-жылдан 1985-жылга чейин башкарган кишиден калган таберик буюмдун рулун кармап, ырымга ары-бери айландырып турганымда, өлкөбүздүн бир үзүм тарыхы көз алдыма элестей түштү. Бул автоунаа өмүрү жана ишмердиги биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө терең из калтырган адамдын аты менен байланыштуу болгондуктан, аны короомдо, көздөн далдоодо каткан болбойт деген ойго токтодум. Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Заманбап автоунаалардын түрү жайнаган азыркы заманда жаш муун көрүп, ата-бабалардын кандай унаа тээп, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин элестетип алышса деле, алар үчүн тарбия. Ошондуктан, Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/627