Эрмек Нургазиев: Мен иштеп жатам, мени кетти деген жаңылык жөн гана фейк!
RU

Эрмек Нургазиев: Мен иштеп жатам, мени кетти деген жаңылык жөн гана фейк!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эрмек Нургазиев, анын Бишкектин мэри болуп дайындалып, кайра кетти деген кептер боюнча Kaktus.media'га комментарий берди.

Анын айтымында, өкмөт анын жумуштан бошотулгандыгы тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. Ал жумуш ордунда отурат жана өзүнүн милдеттерин аткарып жатат.

"Мен азыр жумуш ордумдамын, өзүмдүн милдеттеримди аткарууну улантып жатам. Өкмөттөн мага эч ким, эч кандай билдирүү жасап, маалымат берген жок. Менин пикирим боюнча - бул фейк, мунун артында мени каралоого аракет кылып, кызматка келбешиме кызыкдар адамдар турат болуш керек. Мурунку жетекчилеримдин бири болушу мүмкүн. Мен бул тууралуу сураштырам", - деди Нургзиев.

Эске салсак, кечээ кечинде Балбак Түлөбаевдин ордуна Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы белгилүү болду. Бүгун эртең менен аны мэриянын жамаатына тааныштырышып, ал пресс-конференция өткөрүүгө да жетишкен.

Нургазиевдин мэр болушу, жана анын биографисындагы чуулгандуу фактылар коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Анткени буга чейин, ага алдамчылык жана күч колдонуу боюнча айып коюлган. 2019-жылдын сентябрь айында ал аял кишини муштум менен согуп, коомчулукта чоң резонанс жаралган.

Ал эми бүгүн, 9-февралда,түштөн кийин, президент Садыр Жапаров Instagram баракчасына "артында хулигандык, мүлк талаш иштери бар адамды шардын мэрлигине коюу мүмкүн эмес", - деп жазган. Өкмөт райсмий түрдө эч кандай комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/628