Бишкекте патрулдук кызматкерлерден качкан айдоочу кызды сүзүп кетти
RU

Бишкекте патрулдук кызматкерлерден качкан айдоочу кызды сүзүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-апрель күнү эрте менен Бишкекте Subaru Forester унаасынын айдоочусу патрулдук кызматкерлерден качып барып, кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, айдоочу Исанов көчөсү менен катуу ылдамдыкта келе жатып, Киев көчөсү менен кесилишкен жерден жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп алган.

Ошондон кийин да айдоочу токтобой, качып жөнөгөн. Анан барып Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде тосмону сүзүп алган.

Учурда адам кармалган.

Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады. Алардын айтымында, Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде айдоочу "Опель" үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Ал урган кыз тирүү, ооруканага жаткырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6295