Зеленский: Россия Донбасска чабуул коюуга даярданып жатат
RU

Зеленский: Россия Донбасска чабуул коюуга даярданып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украин президенти Владимир Зеленский 6-апрелдин кечиндеги кайрылуусунда Россиянын күчтөрү Донбасстагы жаңы чабуулдарына камылга көрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, учурда орус армиясы Украинанын чыгышындагы "дымагын" ишке ашыруу үчүн күчүн топтоп жатат.

Ал Батыш өлкөлөрү Бучадагы кыргынды улай жарыялаган санкциялардын жаңы пакети таасирдүү болгону менен жетишсиз экенин белгиледи.

"Эгер Россияга каршы чыныгы сокку уруучу санкциялардын топтому болбосо, эгер бизге керектүү жана биз көп жолу сураган курал-жарактар болбосо, анда муну Россия уруксат катары кабыл алат. Алдыга жылуу жана чабуул коюуга берилген уруксат. Донбасста кан төгүүнүн жаңы толкунун баштоо үчүн уруксат", - деди Зеленский.

Ал Киев Батыш өлкөлөрү Россиянын мунайынан баш тартуунун жолун табышы керек экенин кошумчалады.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Донбасстагы жайкын тургундарды коопсуз аймактарга жер которууга чакырды.

Россия Украинага басып киргенине алты жума болду. АКШнын коргоо тармагындагы расмий өкүлү билдиргендей, соңку күндөрү орус армиясы Украинанын түндүгүндөгү Киев жана Чернигов шаарларынын айланасынан 24 миңдей аскерин Беларусту жана Россияны көздөй чыгарып кетти. Атын атагысы келбеген бул расмий өкүл жер которгон орус аскерлери Украинанын чыгышындагы салгылашууларга тартылышы мүмкүндүгүн айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын айрым маалыматтарына ылайык, Россияга Украинанын чыгышындагы жаңы чабуулдарга даярдануу үчүн бир айдай убакыт кетиши мүмкүн.

24-февралдан бери Украинадагы согушта миңдеген жайкын тургундар жана аскерлер мерт болуп, 4 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качты. Украинанын Буча шаарчасында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан каза тапканы тууралуу маалыматтарды улай 7-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Россияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгаруу маселесине добуш бергени жатат. Расмий Москва орус күчтөрү жайкын тургундарды бутага алганын четке кагып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6298