Күндүн сүрөтү: Садыр Жапаров экс президенттер менен биргеликте
RU

Күндүн сүрөтү: Садыр Жапаров экс президенттер менен биргеликте

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-апрелде Садыр Жапаров "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясынын курман болгон баатырларынын элесин эскерүүгө барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчы 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, андан соң эскерүү дубасы окулду.

Бул иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасы Талант Мамытов, Өкмөттүн Төрагасы – Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык Соттун Төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле Катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү да катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6299