Кыргызстандын мурдагы премьер-министри абактан бошотулду
RU

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри абактан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев абактан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматтарга ылайык, Жантөрө Сатыбалдиев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Бирок, Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Сатыбалдиевдин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы мурдагыдай эле калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылган.

Эске салсак, Жантөрө Сатыбалдиев жана башкалар ар кандай мөөнөткө кесилген. Шаардын Свердлов райондук соту 6-декабрда аны КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, анын негизинде 7,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6311