"Бакай Банк Жаз Деми" жарышына катышчулардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти
RU

"Бакай Банк Жаз Деми" жарышына катышчулардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-апрелде Бишкекте өтчү "Бакай Банк Жаз Деми" салттуу жазгы жарышына катышчулардын саны 3 миң кишиден ашып, рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Жыл сайын өтчү марафондун уюштуруучусу Nomad Sport командасы.

Жылдагыдай эле маршрут Бишкек - "Манас" аэропорту автожолунда мерчемделген. Старт жана финиш Аска-Таш мемориалдык комплексинде болот. 14 жаштан жогору бардык спорт сүйүүчүлөрү 5, 10 жана 21,1 чакырым чуркашат. Жарыштын алкагында үч жаштан 13 жашка чейинки балдар үчүн 100, 200 жана 500 метр аралыктагы дистанция да бар.

Ал эми алыскы региондордогу кыргызстандыктар үчүн "Аймактык" дистанциясына каттоо ачылды. Кызыгы, үстүбүздө Рамазан айы экенине карабай, катышууну каалагандардын саны мурдагыдан көбүрөөк болуп, 3 миңге жетти.

Жарым марафон учурунда, тагыраагы, саат 8.00дөн 12.00гө чейин Фучик көчөсүндө (Аска-Таш мемориалдык комплексинен тарта "Манас" аэропортунан 18 чакырым жол) кыймыл чектелип, жолдун бир тарабы гана ачык болот.

Булак: Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6314