Бишкекте жаңы мэр дайындалды. Эки күндө экинчи мэр
RU

Бишкекте жаңы мэр дайындалды. Эки күндө экинчи мэр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда, Kaktus.media'га өкмөт билдирди.

Кудайбергенов облусту 2015-жылдын июль айынан бери жетектеп келет. 2017-жылы 9-ноябрда өз ыктыяры менен жумуштан кетүү арызын жазган. Ага чейин Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун акими болуп иштеген.

Бишкектин мэринин м.а. болуп Балбай Түлөбаев иштеп келген. Аны 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин дайындашкан. 100 күн өткөндөн кийин ал отставкага кетип, 9-февралда, эртең менен жамаатка жаңы жетекчи Эрмек Нургазиевди тааныштырышкан. Бирок бир нече сааттан кийин ал кызматынан алынгандыгы белгилүү болду. Себеби, анын мүлк талаш жана бейбаштык фактылары боюнча маалымат чыккан.

Өкмөттөн билдиргендей, бул чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Аны менен бирге, Марипов, Эрмек Нургизиевдин Бишкектин мэринин м.а. кылып дайындоо чечимин жокко чыгаруу чечимине да кол койду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/631