Мелис Аспековдун иниси алдамчылыкка шектелип кармалды
RU

Мелис Аспековдун иниси алдамчылыкка шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алдамчылыкка шектелип кармалган шектүү Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков болуп чыкты. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына укук коргоо органдарынан тастыкташты.

Бүгүн түштөн кийин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, А.А. аттуу чала тааныш жаранга чара көрүүнү суранган. Шектүү президент менен түздөн-түз байланышы бар экенин айтканын, башкалаадагы "Сары-Өзөн" базарынан чоң жер тилкесин алып берүүнү убада кылып 44 миң доллар алганын, бирок качып жүргөнүн маалымдаган.

"Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалган. Ал камактагы активист Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков болуп чыккан.

Эске салсак, Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун тарапкери болгон. Ал "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 2021-жылдын январь айында кармалган.

Ушул жылдын март айында бул иш боюнча жети жылга эркинен ажыратылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6322