Эркек кишинин бычакталышына кызы шектелүүдө
RU

Эркек кишинин бычакталышына кызы шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жайыл районунда эркек киши бычакталды. Милиция кызматкерлери ага шектүү катары анын өгөй кызын кармашкан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 11-апрелде Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө бычактан жаракат алган жаран аймактык ооруканага түшкөнүн билдиришкен.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, жабырлануучу 1982-жылы туулган Б.В. экенин аныкташкан. Аны бычактаган өзүнүн 2003-жылы туулган Т.Н. аттуу өгөй кызы болуп чыккан. Ал кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" боюнча иликтөө иштери башталды деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, бул окуянын себеби өгөй ата менен өгөй кыздын ортосундагы үй-бүлөлүк чырдын уландысы болгон. Азыр бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6331