Орус рубли дагы наркын жогото баштады
RU

Орус рубли дагы наркын жогото баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-апрелде Москва биржасында бир доллар 78,1 рублга бааланды. Бир евро болсо учурда 84,7 рубль турат. Буга чейин Россияга каршы салынган санкциялардан улам рублдин куну кескин түшүп, андан соң бир тепкичте кармалып турган.

Буга Борбордук банк киргизген чектөөлөр түрткү болгону маалымдалган.

8-апрелде Борбордук банк бир катар чектөөлөрдү алып салды. Тактап айтканда, чет элдик валютаны брокерлерден сатып алуудагы 12% комиссия алынды.

Андан тышкары, банктарга 18-апрелден тартып калкка чет элдик валютаны накталай сатууга уруксат берилди. Ошондой эле евро менен акча чыгарып алууга салынган чектөө алынды. Буга чейин банк эсебинен 10 миң доллар гана алууга уруксат берилсе, эми 10 миң евро алса болот.

Булак: Азаттык үналгысы

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6334