Кыргызстандык жаран АКШдагы абройлуу TED конференциясына катышып жатат
RU

Кыргызстандык жаран АКШдагы абройлуу TED конференциясына катышып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШдагы кыргыз университетинин профессору Улан Дакеев АКШдагы эң белгилүү TED конференциясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу жыйындын сайтында маалымдалды.

Конференция 5-апрелде Техас штатынын Хантсвилл шаарында өткөн. Дакеевдин баяндамасынын темасы "Студенттерди жогорку окуу жайларына тартуу үчүн AR жана VR куралдарын иштеп чыгуу".

Улан Дакеев - Сэм Хьюстон университетинин инженердик технологиялар боюнча профессору. Ал ошондой эле Жон Дирде инженер-конструктор болуп иштеген жана Мичиган, Техас университеттеринде бакалавриат инженердик колледждеринде сабак берген. Ал виртуалдык толукталган реалдуулук, жогорку билим берүүнүн сапаты, студенттер менен кызматкерлерди мотивациялоо жана тартуу боюнча изилдөөлөр менен алектенет.

Бул конференцияда дүйнөгө белгилүү инсандар Илон Маск, Стив Жобс, Джефф Безос, Билл Клинтон, Нобель сыйлыгынын лауреаттары Жеймс Уотсон, Мюррей Гелл-Манн, Wikipedia негиздөөчүсү Жимми Уэльс жана башка көптөгөн адамдар сөз сүйлөштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6373