Россия Киевге чабуулдарын күчөтөрүн эскертти
RU

Россия Киевге чабуулдарын күчөтөрүн эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Коргоо министрлиги 15-апрелде Киевге чабуулдарды күчөтөрүн эскертти.

Ушул эле күнү украин баш калаасында бир нече жолу катуу жардыруу болгонун жергиликтүү медиа каражаттары жазышты.

Министрлик ошондой эле 14-апрелдин кечинде алардын күчтөрү Киевдеги аскердик заводго сокку урганын билдирди.

Андан тышкары Россиянын Брянск облусунун Климово шаарчасынын тургундарына чабуул коюп жаткан украиндердин Ми-8 тик учагын ракета менен жок кылганын кошумчалады.

Буга чейин Москва Киевди Украинага чек аралаш Россиянын аймактарына чабуул коюп жатат деп айыптаган.

Украинанын коргонуу жана улуттук коопсуздук боюнча кеңеши Москванын дооматтарын четке кагып, "Украинага каршы ызы-чууну көбөйтүү аракети" деп атады.

15-апрелде Украинанын түштүгүндөгү Херсон, чыгышындагы Харьков жана батышындагы Ивано-Франковск шаарларында жардыруулардын үнү угулганы кабарланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-апрелдин кечиндеги кайрылуусунда калкынын кайратмандыгын кубаттарын билдирип, "элүү күндөн бери баскынчыларга туруштук берип жатышына" сыймыктанарын кошумчалаган.

Булак: "Азаттык" үналгысы

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6379