Кавасакиден тышкары. 13 бала мультисистемдүү сезгенүү синдрому менен ооруканада
RU

Кавасакиден тышкары. 13 бала мультисистемдүү сезгенүү синдрому менен ооруканада

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энелик жана балалыкты коргоо улуттук борборунда 13 бала мультисистемдүү сезгенүү синдрому менен дарылоодон өтүп жатышат. Бул Кавасаки сыяктуу синдром менен катталган балдардан тышкары. Мындай маалыматты кардиоревматология бөлүмүнүн башчысы Гули Саатова билдирди.

Анын айтымында, стационарга чейин балдарда коронавирустун белгилери жок болчу. "Оору симптому жок өткөн. Кичинекей бейтаптар учурда врачтардын өзгөчө байкоо алдында дарыланууда. Мультисезгенүү ковидден кийинки синдромдон айыгуу процесси өтө оор жана көп убакыты талап кылат",- дейт Саатова.

Эске салсак, мурда Кыргызстанда 15 балада Кавасаки сыяктуу синдром катталганы тастыкталган. Мындай диагноз менен балдар ооруканаларга акыркы эки жумада түшүшкөн. Буга чейин бул синдром айрым учурда кездешкен ошондуктан ага көп көңүл бурулган эмес. Кайрылуулардын санынын өсүшүн коронавируска байланыштырып жатышат.

Маалымат

Мультисистемдүү сезгенүү синдромунда балдар жана өспүрүмдөрдө бир убакатта организмдин бир нече жеринде сезгенүү башталат. Ал бийик температура(38,5 жана андан бийик), кан басымын төмөндөшүнө, кычкылтектин жетишсиздигине алып келет. Кээ бир учурларда органдар иштебей калышы мүмкүн. Мындай симптомдор аны Кавасаки синдромуна жакындаштырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/637