Президент Жапаров Тажикстан менен 664 чакырым чек ара такталганын билдирди
RU

Президент Жапаров Тажикстан менен 664 чакырым чек ара такталганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстан менен чек аранын 664 чакырымы такталганын айтып, тактоо иштери жай жүрүп жатканын белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчысы Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 км. чек ара тилкеси бар. Анын 664 км. тилкесин такташып бүттүк. 308 км. калды. Албетте, иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби, бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз",-деди президент.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 5-10-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн. Мындан көп өтпөй эле 12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирген.

"Азаттыктын" тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан кийин тараптар үч ирет жолугуп сүйлөштү. Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашкан. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөрү айтылган.

Булак: "Азаттык" үналгысы

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6381