Сапар Исаков Владимир Путиндин жансакчыларынын коштоосунда жүрөбү?
RU

Сапар Исаков Владимир Путиндин жансакчыларынын коштоосунда жүрөбү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын кыргыз сегментинде Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаков, Владимир Путиндин жансакчыларынын коштоосунда эл алдына чыкты, деген маалымат тарап жатат. Мындай посттордун бирин Facebook баракчасына активист жана КСДП партиясынын тарапташы Кундуз Ажибекова жарыялаган.

"Экс-премьер-министр Сапар Исаков эл алдына чыкты. Ал Россиянын президенти Владимир Путиндин коргоосунда жүрөт. Ага сыйлуу конок катары мамиле жасалууда", - деп постто жазылган.

Постко фотосүрөт да тиркелген. Анда Сапар Исаков россиялык чиновниктердин жана Россиянын федералдык коргоо кызматынын коштоосунда, бир гимназиянын алдынан түшүшкөн.

Эмнеси окшошпой турат?

Далил катары жарыяланган сүрөт 2017-жылдын сентябрь айында тартылган. Ал кезде Сапар Исаков Кыргызстандын премьер-министри катары "Сколководогу" инновациялык борборго барган.

Эске салсак, 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда Сапар Исаков 6-октябрга караган түнү камактан бошотулуп, 10-октябрда, Алмазбек Атамбаевдин резиденциясына чабуул салынып жатканда жок болуп кеткен. Учурда ага издөө жарыяланган.

Ошондон бери Сапар Исаков социалдык тармактарга бир нече публикация жасап, кыргыз элин түрдүү майрамдары менен куттуктап, Москвада экендигин кыйыткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6395