Эки кыз эркек кишини сабап салышкан (видео)
RU

Эки кыз эркек кишини сабап салышкан (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Ош базарынын жанынан эки кыз эркек кишини сабап жаткан учуру видеого тартылып калган. Андагы кадрларды Facebook'тун колдонуучусу Афтандил Жоробеков жарыялады.

Анын айтымында, видео 17-апрель күнү, болжол менен түнкү 00:30да, Чүй жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган.

Кыздардын биринин сүйлөгөнүнөн, эркек киши аны ичке тепкенин, ал ошол үчун өч алып жатканын түшүнүүгө болот.

Ленин районунун ИИБси окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6398