БААУ жогорку класстын окуучуларын дебатка катышууга чакырат
RU

БААУ жогорку класстын окуучуларын дебатка катышууга чакырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БААУнун Укуктук дебаттар сынагы жогорку класстын окуучулары үчүн өз өнөрлөрүн көрсөтүү жана укуктук маселелер боюнча дебат жүргүзүү искусствосун сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөйт. Бул Борбордук Азиядагы орто мектеп окуучулары үчүн өз жөндөмдөрүн көрсөтүү жана Борбордук Азиядагы алдыңкы юридикалык программалардын биринде билим алуу үчүн стипендия алууну камсыздап берет. Сынактын форматы толугу менен онлайн режиминде болот жана Zoom платформасы аркылуу өткөрүлөт. Сынактын тили – англис тили.

Кимдер катыша алат?

Сынакка БорбордукАзиянын бардык ЖОГОРКУ КЛАССТАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ (11-класс) катыша алышат.

Башкы сыйлыгы эмне?

Алдыңкы үч жеңүүчү БААУнун "Э аралык жана бизнес укук" программасында окуу үчүн стипендия алышат. Бардык катышуучуларга катышкандыгы тууралуу сертификаттар берилет.

Кантип катталса болот?

Катышуу үчүн Google формасы аркылуу катталыңыз: https://forms.gle/GjE1cPRkHmCEFdjJA

Негизги даталар?

1. Каттаалуунун соңку мөөнөтү – 2022-жылдын 23-апрели

2. Сынак өтүүчү күндөр – 2022-жылдын май айынын башы

БААУнун Укук факультети менен кантип байланышсак боолот?

Электрондук почта: [email protected]

Веб-сайт: law.auca.kg

Инстаграм: auca_law

Фейсбук: AUCALAW

Вотсапп:+996990988890

Телефон: +996990988890

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6402