Акылбек Жапаров кагазды үнөмдөп колдонууну сунуштады
RU

Акылбек Жапаров кагазды үнөмдөп колдонууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Президентинин Администрациясынын аппараттык кеңешмесинин жүрүшүндө мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров Президенттин Администрациясына тийиштүү чечимди иштеп чыгып, мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдалануунун көлөмүн эки эсеге кыскартуу жана кеңсе кагазынын эки бетине басып чыгаруу тажрыйбасын киргизүү тапшырмасын берди. Бул жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50 %га кыскартууга, натыйжада, өлкөнүн бюджетин жылына 112 млн сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана экологияга келтирилген зыянды азайтуу максатында электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи, анткени 1 тонна кагаз өндүрүү үчүн 17 дарак, 35 миң литр суу, 4 миң кВт электр энергиясы жана 240 тонна отун керектелет, ал эми кагаз өндүрүшүндө көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитраттар, метанол, бензол, диоксиндер жана башка заттар колдонулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6405