Президент расмий иш сапары менен Азербайжанга барат
RU

Президент расмий иш сапары менен Азербайжанга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Баку шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Алдыдагы сапарынын алкагында Садыр Жапаров Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго койуунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын алкагында Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалууда.

Мындан тышкары, азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып, анын жүрүшүндө Кыргызстан жана соода-инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.

Сапар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык Келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгынын алкагында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6406