Атамбаев жаңы түрмөдө аны кандай тосуп алганын айтып берди. Видео
RU

Атамбаев жаңы түрмөдө аны кандай тосуп алганын айтып берди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Калыс Ордо" жаңы конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү иштери боюнча сот отуруму өттү. Алмазбек Атамбаев жаңы колонияда аны кандай тосуп алганын айтып берди.

Эске салсак, Атамбаев жогоруда аталган иштер боюна айыпталуучу катары өтүүдө. Бүгүн аны конвойдун коштоосунда алып келишкен болчу, бирок бир канча убакыттан кийин ал өзүн жаман сезип, ага тез жардам кызматын чакыртышты.

Ал ортодон Атамбаев журналситтер менен пикир алышууга жетишкен. Жаңы колонияда сизди кандай тосуп алышты деген суроого: "Жакшы. Эл мени бардык жерде жакшы тосуп алат", - деп жооп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6413