Жалал-Абадда кыз-жигит каруселден кулап түшүштү
RU

Жалал-Абадда кыз-жигит каруселден кулап түшүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-апрелде, Жалал-Абаддагы атракциондон эки киши кулап түшкөн. Бул маалыматты Жалал-Абад облусунун Ички иштер бөлүмү (ИИБ) тастыктады.

Берилген маалыматка ылайык, окуя 16-апрелде, болжол менен саат 23:55те, Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш паркында болгон.

Сузак районунун тургундары, 25-жашар жигит жана 18 жашар кыз атракционго чыгып, бирок сынган отургучтун айынан кулап түшүшкөн.

Жабыркагандар госпитализацияланып, кыз оор абалда реанимацияга жаткырылган. Ал эми жигит түрдүү травмаларды алганы аныкталды.

Милиция кырсыктын чоо-жайын иликтөөдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6418