Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Мариповдун билдирүүсү боюнча комментарий беришти
RU

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Мариповдун билдирүүсү боюнча комментарий беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычы Тажикстанга өткөрүлүп бергендиги тууралуу билдирүүсүнө комментайри берип, маалыматты берээрде тактап алууну суранышты.

ТРдин ТИМи берген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасынын делимитация жана демаркация процесси азырынча жыйынтыктала элек. Чек ара маселеси боюнча эки мамлекеттин делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланууда.

"Тажик-кыргыз мамлекеттик чек араны делимитация процесси толугу менен бүткөнгө чейин жогоруда айтылган жер участогу, эл аралык укук нормаларына ылайык делимитациялана элек болуп саналат. Азыркы тапта, талаш жүрүп жаткан жер тилкесин бир тарап башка тарапка өткөрүп бергендиги тууралуу бир нерсе айтуу мүмкүн эмес", - деп ведомствонун билдирүүсүндө жазылган.

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын саясатчыларын тажик-кыргыз чек арасы туурасында билдирүүлөрдү этияттык менен жасоого чакырат. Анткени, текшерилбеген маалымат эки мамлекеттин чек арага жакын жайгашкан аймактарында дестабилизациянын жаралуусуна алып келиши мүмкүн.

Эске салсак, "Чек ара" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Мариповдун Кайырма каналын тажик тарапка өткөрүп берүү тууралуу айтканына каршы пикетке чыгышкан. Коомдун негиздөөчүсү Гүлжигит Исаковдун айтымында, Төрт-Гүл суу сактагычы, "Головной" суу тосмосу жана Кайырма каналы Кыргызстанга таандык. Чиновниктердин мындай сөздөрү улуттук коопсуздукка доо кетириши мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/641