Акжол Махмудов Азия чемпиондугунун финалына чыкты
RU

Акжол Махмудов Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу саат 09:30да старт алды.

Азия чемпиондугуна 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов жарым финалга чыгып, анда түштүк кореялык күчтүү делген Ким Хён У аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө түштүк кореялык балбан партерге ээ болду. Бирок күрөш учурунда буту менен ыкма жасап кеткендиги үчүн калыс эскертүү берип, Акжол Махмудовго бир упай берилди.

Экинчи бөлүктө атаандаш пассивдүү күрөш алып барганы үчүн Акжол Махмудовго бир упай берилип, атаандаш партерге коюлду. Андан Акжол Махмудов үч упай алды.

Жыйынтыгында 4:1 эсебинде кыргыз балбаны жеңишке жетип, Азия чемпиондугунун финалына чыкты.

Түштүк кореялык Ким Хён У 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарында чемпион аталган. Финалда ал Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиадада жеңилген венгриялык Тамаш Лёринцти жеңип алган.

Маалымат Super.kg сайтынан алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6420